Кытайдын Хунань провинциясындагы Чанша шаарында канаты жок учуучу унаа алгачкы ирет сыноо иретинде учурулду. Бул тууралуу Казинформ жазды.
Учурда иштеп чыгуучулар аны тажрыйбалык-өндүрүштүк сыноодон өткөрүп жатышат. Бул этаптан кийин унааны сериялык түрдө чыгаруу пландалууда.
Аппарат тик учуп-конууга, абада бир орунда турууга жана жолдо жүрүү менен учуу режимдеринин ортосунда которулууга жөндөмдүү.
Бир орундуу прототиптин максималдуу учуудагы салмагы 280 кг, жүк көтөрүмдүүлүгү 120 кг түзөт. Ал жерде саатына 80 чакырымга, абада 150 чакырымга чейин ылдамдыкта жүрө алат. Учуу бийиктиги 3 миң метрге чейин жетсе, иштөө бийиктиги 100 метрди түзөт. Эсептик учуу аралыгы 300 чакырымга чейин жетет.
Долбоордун жетекчисинин айтымында, эки тонна жүк көтөрө алган, максималдуу учуудагы салмагы 5,5 тонналык үлгүнүн техникалык долбоору да даярдалган. Келечекте экиден 15 жүргүнчүгө чейин батыра алган моделдерди чыгаруу каралууда.
Мындай унааларды тоолуу аймактарга шашылыш жүк жеткирүүдө, санитардык авиацияда, өрт-куткаруу иштеринде, полициянын күзөт кызматында жана жеке жүргүнчү ташууда колдонуу пландалууда.

