Коом

«Улуу Көчмөндөр Мурасы» улуттук холдинги жоюлат

«Улуу Көчмөндөр Мурасы» улуттук холдинг компаниясы» ачык акционердик коому жоюлат. Тиешелүү чечим Министрлер Кабинетинин жыйынында кабыл алынды.

Аталган чечим Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 96, 97-статьяларына, «Акционердик коомдор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-статьясына жана «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык кабыл алынган.

Белгилесек, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-августундагы № 446-т тескемеси менен «Улуу Көчмөндөр Мурасы» Улуттук холдинг компаниясы» ААКсы убактылуу тышкы башкаруучу болгон, «Кумтөр Голд Компани» ЖАКсына киргизилген убактылуу тышкы башкаруу жол-жобосу токтотулган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button