КР УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында «Достук-Автожол» көзөмөл өткөрүү пунктунун аймагында тиешелүү лицензиялары жок валюта алмаштыруу операцияларын жүргүзгөн чарба субъекттеринин ишмердүүлүгү токтотулду.

Тактап айтканда, «Достук-Автожол» көзөмөл өткөрүү пунктунун жанындагы жанаша жайгашкан аймакта чет өлкөлүк валюта алмаштыруу кызматын көрсөткөн 116 пункт аныкталды, алардын 84үнүн тиешелүү лицензиясы жок.
Буга чейин КР УКМК Улуттук банктын Оштогу кеңсесинин катышуусунда атайын иш-чараларды уюштуруп, анын жүрүшүндө мыйзамсыз валюта алмаштыруу иш-аракеттерин жүргүзгөн адамдарга административдик чаралар көрүлүп, колдонуудагы мыйзамдарга ылайык 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынган.
Бирок, административдик чара көрүлбөй, мыйзамсыз иш-аракеттер улантылганын белгилей кетүү керек. Натыйжада, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 218-беренесинин 2-бөлүгү (Өзгөчө ири өлчөмдө киреше алууга багытталган мыйзамсыз ишкердик жана банктык иш-аракеттер) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ушул жылдын 26-октябрында жогоруда аталган акча алмаштыруу жайларында массалык тинтүү жүргүзүлүп, натыйжада 66 миллион 490 миң 671 сом, 941 миң 360 АКШ доллары, 3 миллиард 635 миллион 527 миң 600 өзбек суму, 3 миллион 531 миң 200 казак теңгеси, 66 миллион 729 миң 142 орус рубли, 170 тажик сомониси, 29 миң 890 түрк лирасы, 23 миң 361 евро, 53 миң 920,5 кытай юаны конфискацияланып, акча алмаштыруу жайлары жабылып, мөөр басылган.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат, анын жыйынтыгы боюнча юридикалык баа берилет.

