Бишкекте Париж Олимпиадасына жолдомо ойнотулат. Катышуучу балбандардын тизмеси
Бишкекте 19-21-апрелде «Бишкек-Арена» спорт комплексинде спорттук күрөш боюнча (грек-рим, эркин, кыз-келиндер күрөшү) Париж Олимпиадасына жолдомо алуу үчүн лицензиялык мелдеш өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалым болгондой, ага Кыргызстандын улуттук курама командасы да катышат.
Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын тизмеси:
— 67 кг Амантур Исмаилов;
— 87 кг Асан Жанышов;
— 97 кг Үзүр Жузупбеков;
— 130 кг Роман Ким;
— Азат Эркимбаев – башкы машыктыруучу;
— Улукбек Карачолоков – улук машыктыруучу;
— Арсен Эралиев – улук машыктыруучу.
Эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын тизмеси;:
— 57 кг Бекзат Алмаз уулу;
— 65 кг Эрназар Акматалиев;
— 74 кг Орозобек Токтомамбетов;
— 86 кг Нуртилек Карыпбаев;
— 97 кг Андрей Аронов;
— 125 кг Айаал Лазарев;
— Руслан Маджинов – башкы машыктыруучу;
— Сүймөнкул Таабалды уулу – улук машыктыруучу;
— Ислам Тазабеков – улук машыктыруучу (U-23).
Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команданын тизмеси:
— 53 кг Айжан Сабырбек кызы
— 57 кг Калмира Билимбек кызы
— 68 кг Мээрим Жуманазарова
— Нурбек Изабеков башкы машыктыруучу;
— Байгазы Кенжебеков улук машыктыруучу.