Милиция кызматкерлери тарабынан Кара-Суу районунун Баш-Булак айыл өкмөтүндө жер тилкесин мыйзамсыз бөлүштүрүүгө байланышкан кылмыш ишинин бети ачылды.
Тергөөнүн жүрүшүндө Баш-Булак айыл аймагындагы аянты 12,29 гектарды түзгөн таза жайыт болуп эсептелген жер тилкеси трансформациядан өтпөгөнүнө карабастан, мыйзамсыз бөлүштүрүлгөн. 27 жаранга 600 чарчы метрден жеке турак жай куруу үчүн берилген. Бул аракеттердин натыйжасында, мамлекетке 13 миллион 770 миң сомдук зыян келтирилгени аныкталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Ж.К., жер-адиси С.Б, мамлекеттик курулуш департаментинин түштүк региону боюнча адиси К.А. кармалган. Азыркы учурда шектүүлөргө карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.
Учурда тергөө иштери улантылууда.

