Спорт
Бишкекте пара армрестлинг боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт
Бишкекте пара армрестлинг (кол күрөш) боюнча чоңдор жана жаштар арасында Кыргызстандын чемпионаты өтөт, деп билдирет Дене тарбия жана спорт департаменти.
Биринчилик 7-8-апрель күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда орун алат.
Катышуучулар төмөнкү салмакта күч сынашат:
Жаштар арасында:
- балдар: 60, 70, 80, +80 кг;
- кыздар: 60, 70, +70 кг.
Көзү азиздер арасында:
- эркектер: 65, 80, +80 кг;
- кыз-келиндер: 65, +65 кг;
Пара спортчулар арасында:
►Отуруп күрөшчүлөр:
- эркектер: 55 кг, 65, 75, +75 кг;
- кыз-келиндер: 65, +65 кг;
►Туруп күрөшчүлөр:
- эркектер: 60, 70, 80, +80 кг;
- кыз-келиндер: 65, +65 кг.
Сурдо спортчулар арасында:
- эркектер: 60 кг, 70, 80, +80;
- кыз-келиндер: 60, 70, +70 кг.