Министрлер кабинети АКШ менен түз аба катнашын орнотуу боюнча иш-чаралардын планын бекитти. Документке ылайык, Кыргызстан АКШнын Транспорттук коопсуздук администрациясынын (TSA) милдеттүү аудитинен өтүүгө киришет.
TSA текшерүүсү америкалык аба мейкиндигинде учууларды уюштуруу үчүн чечүүчү шарт болуп саналат жана аэропорттук кызматтардын коопсуздуктун эл аралык стандарттарына шайкештигин тастыктайт.
Тармактык мекемелер сүйлөшүүлөрдү аяктап, 2026-жылдын 1-декабрына чейин аба катнашы боюнча өкмөттөр аралык келишимге кол коюуну көздөөдө. Жооптуу орган — Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги, каржылоо республикалык бюджеттен жүргүзүлөт.

