Кара-Сууда тойдон кийин иниси агасын бычактап, өлтүрүүгө шектелип кармалды


Кара-Суу районунда 35 жаштагы жаран бир тууган агасын өлтүрүүгө шектелип кармалды. ОИИБдин маалыматына ылайык, окуя 1-февралда тойдон кийин чыккан жаңжалдан кийин болгон.

Жаңжал маалында мас абалындагы жаран 45 жаштагы агасын бычактап, ал ошол жерде каза тапкан. Шектүү окуя болгон жерден качып кеткен.

Көп өтпөй ал кармалып, убактылуу кармоочу жайга  киргизилди. Экспертизалар дайындалып, тергөө уланууда.