Бишкекте ири алдамчылыкка шектелген аял кармалды


Бишкектен батир, Чүйдөн жер алып берем деп 334 миң доллар алган деген шек менен  36 жаштагы аял кармалды.

Милициянын айтымында, ал жабырлануучунун ишенимине кирип, 2024-жылдын ноябрынан быйылкы жылдын январына чейин 334 миң доллар алган. Андан соң изин суутуп кеткен. Шектүү Бишкек шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.