МЖӨ борбору Кыргызстанда окутуу иштерин жүргүзүп, инвестициялык демилгелерди ишке ашырууга көмөк көрсөтүүдө


2026-жылдын башынан бери Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин, ошондой эле бизнес өкүлдөрүнүн МЖӨ жаатындагы билимин жогорулатуу жана долбоорлорду ишке ашыруу көндүмдөрүн өнүктүрүү боюнча окутуу иш-чараларын өткөрүп келет. Алардын алкагында катышуучулар мыйзамдар, долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу механизмдери менен таанышып, жеке инвестицияларды тартуу маселелерин үйрөнүшөт.

Талас шаарында Аймактык инвестициялык кеңештин катчылыгы менен биргеликте өткөрүлгөн базалык окуу курсун 30дан ашык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер ийгиликтүү аяктап, сертификат алышты. Мындан тышкары, Бишкек шаарында, Чүй жана Нарын облустарында «Кыргыз Республикасындагы МЖӨ долбоорлорун түзүмдөштүрүү жана башкаруу: өркүндөтүлгөн курс» программасы боюнча тренингдер уюштурулуп, долбоорлорду даярдоонун заманбап ыкмалары жана жеке инвестицияларды тартуу аркылуу инфраструктуралык демилгелерди ишке ашыруу маселелери каралды.

МЖӨ борбору аймактык инвестициялык кеңештердин ишине да катышат. Каракол шаарында өткөн Ысык-Көл облусунун Аймактык инвестициялык кеңешинин жыйынында жеке сектордун өкүлдөрү үчүн семинар өткөрүлүп, актуалдуу МЖӨ долбоорлору тааныштырылды. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Улуттук агенттик биргеликте «Инвестициялык багыт: аймактардын мүмкүнчүлүктөрү жана туруктуу өнүгүү» аталышында семинарларды уюштуруп, иштеп жаткан МЖӨ долбоорлоруна мониторинг жүргүзүүдө.

Жалал-Абад облусунда Аймактык инвестициялык кеңештин катчылыгы уюштурган көчмө «Маалыматтык-консультациялык кербендин» алкагында ишкерлерге мамлекеттик колдоо жана инвестиция тартуу механизмдери боюнча маалымат берилип, жер тилкелери, инфраструктура, уруксат берүүчү документтер, салык салуу жана долбоорлорду каржылоо маселелери талкууланды. Ошондой эле инвестициялык демилгелерди ишке ашыруу боюнча консультациялык колдоо көрсөтүлдү.

Окутуу жана консультациялык иш-чаралар октябрь айында жана жыл аягына чейин уланат. МЖӨ борбору кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга, ишкерлердин МЖӨ механизмдери тууралуу маалымдуулугун кеңейтүүгө жана инвестициялык демилгелерди даярдоого көмөк көрсөтөт.