Кыргызстанда мөңгүлөрдүн аянты 16% кыскарды


2100-жылга чейин Кыргызстан 80% чейин мөңгүлөрүн жоготушу мүмкүн. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров  Астана шаарында өтүп жаткан Регионалдык экологиялык саммиттин пленардык жыйынында билдирди.

Мамлекет башчысы белгилегендей, өлкө климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин өтө чоң көлөмдө тартып жатат.

“Кыргызстанда мөңгүлөрдүн аянты 16% кыскарды. 2100-жылга чейин Кыргызстан 80% чейин мөңгүлөрүн жоготушу мүмкүн. Мөңгүлүү бийик тоолуу көлдөрдүн саны 1968-жылдан бери 30%га өстү. Ысык-Көл көлүнүн деңгээли акыркы он жылдыктарда дээрлик 14 метрге төмөндөдү. көлгө куйган дарыялардын саны жүздөн ашыктан отузга чейин кыскарды. 2020-жылдан бери өзгөчө кырдаалдардын, анын ичинде сел, суу ташкындарынын саны 3 эсеге өстү, жылдык түз материалдык чыгым болжол менен 16 млн АКШ долларын түзөт”, — деди президент.