Зооноздук инфекциялар боюнча илимий-практикалык конференция өттү


Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы тарабынан ветеринардык кызматкерлердин кесиптик майрамына арналган «Зооноздук инфекциялардын жаныбарларга, адамдардын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө тийгизген таасири» аттуу илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.

Иш-чарага ветеринардык кызматтын аймактык жана ведомстволук түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, ветеринардык ассоциациялар, мамлекеттик органдар, өнүгүү боюнча өнөктөштөр, коомдук уюмдар жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Конференциянын негизги максаты — Кыргыз Республикасында зооноздук инфекциялардын учурдагы абалын талкуулоо, алардын жаныбарлардын жана адамдардын ден соолугуна, ошондой эле айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоо жана алдын алуу менен көзөмөлдөө боюнча натыйжалуу чараларды иштеп чыгуу болду.

Иш-чаранын алкагында катышуучулар төмөнкү негизги маселелерди карашты:
* Зооноздук инфекциялар боюнча учурдагы эпизоотиялык кырдаал жана тобокелдиктер;
* Алдын алуу, диагностикалоо жана дарылоо боюнча заманбап илимий жана практикалык ыкмалар;
* Мамлекеттик органдар жана илимий мекемелер үчүн сунуштарды иштеп чыгуу;
* «Бирдиктүү ден соолук» (One Health) алкагында ведомстволор аралык кызматташууну чыңдоо.
*
Конференция жыйынтыгында зооноздук оорулардын жайылышын алдын алуу, мониторинг жүргүзүү жана тиешелүү кызматтардын өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү боюнча бир катар сунуштар иштелип чыкты.