Талас облусунун Айтматов районунун Ак-Башат айылында мурда пайдаланылбай келген жерлер заманбап техникалар менен өздөштүрүлүп жатат.
Бул демилгени “Бай Элим” компаниясы ишке ашырууда. Компания айыл чарба өндүрүшүн эл аралык талаптарга ылайык жүргүзүүнү көздөп, Global GAP жана ORGANIC стандарттары менен иш алып барууда.
Долбоордун алкагында Казакстан Республикасынан жогорку сапаттагы “Гала” сортундагы картошканын 100 тонна үрөнү алынып келинип, 40 гектар жер аянтына отургузулууда.

