Улуттук олимпиада комитетинин президенти болуп Айваз Оморканов шайланды


Айваз Оморканов Улуттук олимпиада комитетинин башчылыгына жалгыз талапкер болду. 11-майда өткөн шайлоого комитеттин 49 мүчөсү катышып, бирөө «каршы» добуш берди. Шайлоого бир күн калганда Волейбол федерациясынын президенти Элмурза Сатыбалдиев жана Кыргыз футбол биримдигинин биринчи вице-президенти Нурдин Букуев талапкерлигин алып салышкан. Мунун себебин алар түшүндүргөн эмес.

30 жаштагы Айваз Оморканов Кыргызстандын Хоккей федерациясынын вице-президенти. Аны атасы Анвар Оморканов жетектейт.

Улуттук олимпиада комитетин 2024-жылдан бери жетектеп келаткан Үмбөталы Кыдыралиев быйыл март айынын аягында кызматтан кеткен.