Бүгүн өлкө аймагында күн ачык болуп, жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +38…+43, Таласта +35…+40, Ысык-Көл облусунда +26…+31, Нарын регионунда +30…+35 градуска жетет.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +40…+42,, Ошто +41…+43, ал эми Чолпон-Атада +26…+28 градусту көрсөтөт.

