Кыргызстанда иш жүзүндө 200дөн ашык медресе бар, бирок расмий маалыматтарда алардын саны кыйла аз көрсөтүлгөн. Бул тууралуу акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Жогорку Кеңеште билдирди. 21 диний окуу жайды текшерүүдө мамлекеттик көзөмөлдүн жетишсиздиги, билим берүү стандарттарынын, санитардык жана өрт коопсуздугунун талаптарынын бузулушу аныкталган.
Айрым медреселерде каттоо документтери жок, бул балдардын зомбулукка жана эксплуатацияга кабылуу коркунучун күчөтөт. Текшерүүнүн жыйынтыгында мамлекеттик органдарга көзөмөлдү күчөтүү талабы коюлган. Жаманбаева ошондой эле 2017–2025-жылдары жөлөк пул албай келген кызга 518 миң сом төлөп берүү чечими кабыл алынганын билдирди.

