Бишкекте эркек киши канализацияга түшүп кетти

Screenshot

Бишкекте куткаруучулар канализация кудугунан эркек кишини алып чыгышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Окуя 12-августта Чүй проспектисиндеги үйлөрдүн биринин жанында болгон. Окуя болгон жерге ӨКМдин баш калаадагы башкармалыгынын беш Куткаруучусу жөнөп кетти.

Ал кишини кудуктан альпинисттик шаймандардын жардамы менен көтөрүп, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
ӨКМдин маалыматы боюнча, эркектин абалы канааттандырарлык. Ага медициналык жардамдын кереги жок болчу.

Окуянын жагдайлары тактала элек