Кыргызстанда АИ-92 жана АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин, дизель майынын жана суюлтулган газдын запасы 2026-жылдын аягына чейин жетет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өткөргөн жыйында айтылды. Күйүүчү май «Джунда» жана «Кыргызнефтегаз» компанияларынын кампаларында сакталууда, аны жеткирүү да уланууда.
Жеткирүүчүлөрдү колдоо үчүн бюджеттен 11,389 млрд сомдон ашык каралып, анын 2,623 млрд сомдон көбү төлөндү. Касымалиев май куюучу жайлардын үзгүлтүксүз иштешин, белгиленген баалардын сакталышын, логистикалык маселелердин чечилишин жана мунай иштетүүчү заводдорду жаңылоону тездетүүнү тапшырды.

