2027-жылдагы ажылыкка каттоо 25-августта башталат


Алгачкы төлөм — 180 миң сом Кыргызстанда 2027-жылдагы ажылыкка жаңы зыяратчыларды каттоо 25-августта башталат. Бул тууралуу Мусулмандардын дин башкармалыгынан билдиришти.

Каттоо саат 9:00дө башталат. Ажылыкка барууну каалагандар «Ажы» мамлекеттик санариптик тутуму аркылуу eID же ID-картасы менен электрондук идентификациядан өтүп, андан соң 180 миң сом өлчөмүндө алгачкы төлөмдү киргизиши керек.

Төлөмдү банктын ыңгайлуу тиркемеси же электрондук капчыгы аркылуу төлөөгө болот. Быйыл каттоо жана төлөм улуттук валюта — сом менен жүргүзүлөт.

Төлөмдөрдү кабыл алуу КРга бөлүнгөн квота толгонго чейин уланат. Бардык орундар толтурулаары менен система автоматтык түрдө төлөмдөрдү кабыл алууну токтотот.

Зыяратчылардын кезеги алгачкы төлөм киргизилген убакытка жараша автоматтык түрдө түзүлөт.

Катталган талапкерлер ошондой эле белгиленген мөөнөттө ажылыкка керектүү бардык документтерди топтоп, мамлекеттик тутумга жүктөөгө тийиш.