Бишкекте оңдолгон имараттардын фасаддарын өз алдынча өзгөртүүгө болбойт


Бишкекте жакында оңдолгон имараттардын фасаддарын өз алдынча өзгөртүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты.

Тыюу төмөнкү көчөлөрдөгү имараттарга тиешелүү:

Чүй проспекти — Манас проспектинен Абдрахманов көчөсүнө чейин;

Жибек Жолу проспекти — Манас проспектинен Абдрахманов көчөсүнө чейин;

Айтматов проспекти — Жибек Жолу проспектинен Семетей көчөсүнө чейин;

Абдрахманов көчөсү — Жибек Жолу проспектинен Семетей көчөсүнө чейин.

Эми тиешелүү органдар менен макулдашпай фасаддардын түсүн жана сырткы жасалгасын өзгөртүүгө, балкондорду кайра курууга, кондиционерлерди, кире бериш конструкцияларын, жарнамаларды орнотууга болбойт. Эреже бузгандарга айып пул салынат.

Белгилей кетсек, шаар мэриясы имараттардын фасаддарын белгиленген эрежелерге ылайык келтирүү боюнча иштерди улантууда.