Кыргызстанда кайрадан жер титирөө катталды


Кыргызстанда кайрадан жер титирөө катталды. Улуттук илимдер академиясынын сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер астындагы кырсык 13-августта саат 2:49да өзүн билдирген.

Сейсмикалык толкундун күчү 3,5 баллга бааланган.

Жер титирөөнүн очогу КР аймагында жайгашкан: Кара-Сай айылынан 22 километр түндүк-чыгышта, Барскоон айылынан 53 километр түштүк-чыгышта. Кара-Сай айылында жер титирөөнүн күчү 2,5 баллга жеткен.