Кыргызстанда жарандарды чет өлкөгө жумушка жөнөтүүгө укуктуу жеке агенттиктердин тизмеси жаңыланды. Алты компания тиешелүү документтерди алышты же узартышты, дагы бир компаниянын уруксаты шарттуу узартылды.
Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, бир жылга жумушка уруксат алган же сактаган:
«НаРзиЗ Тур» ЖЧКсы — Германия;
«Шарт Кей Джи» ЖЧКсы — Германия;
«Марсель-Е Компани» ЖЧКсы — Түркия;
«Гринвей Групп» ЖЧКсы — Германия;
«АПГРЕЙД СТАФФ» ЖЧКсы — Россия;
«Ворлд тревел энд ворк» ЖЧКсы — Беларусь.
«Албан Лидер» ЖЧКсы Латвия багытында ишин улантат.
Анын документтери бир жылга шарттуу узартылган. Кайсынысы экенин так айта албайбыз.
«СУЛТАН ТРАВЕЛ» (Польша) ЖЧКсына байланыштуу компаниянын өкүлү келбегендиктен ал тууралуу чечим кийинкиге калтырылды.
Ошондой эле жарандарды Орусияга иштөөгө жиберген «Глобус Кей Джи Плюс» ЖЧКсынын уруксатын жокко чыгаруу маселеси да кийинкиге калтырылды.
Министрликте чет өлкөдө иштөөнү пландап жаткан жарандарга тиешелүү уруксаты бар, расмий катталган жеке иш менен камсыздоо агенттиктерине гана кайрылууну жана сунушталган иштин шарттарын кылдаттык менен текшерүүнү эскертишти.

