Бишкекте жашы жете элек кызды тоногон 21 жаштагы кыз кармалды.
Борбор калаанын ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, 12-август күнү саат 15:22 чамасында милицияга аял кайрылган. Ал телефон чалуудан жарым саат мурда Гоголь көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин короосунда белгисиз айым 2018-жылы туулган кызына жакындап, кулагынан алтын сөйкөлөрүн чечип алып качып кеткендигин билдирген. Зер буюмдардын баасы 40 миң сомду түзгөн.
Бул факты боюнча Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы КР Жазык кодексинин 206-беренеси («Тоноо») боюнча кылмыш ишин козгогон.
Милиция кызматкерлери 2005-жылы туулган С.Т. аттуу шектүүнү аныкташкан. Ал Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилип, андан соң Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү мурда уурдалган алтын сөйкөлөрдү саткан жерин көрсөткөн. Зер буюмдарды сатып алган жарандар милиция кызматкерлерине далил катары ыктыярдуу түрдө өткөрүп беришкен.
Ошондой эле, кармалган жарандын башка ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар экендиги аныкталган. Учурда милиция анын башка мыйзамсыз аракеттерге тиешесин текшерүүдө.

