Корумду чокусунда дайынсыз болуп жаткан альпинисттерди издөө иштери уланууда


Куткаруу иштеринин жүрүшүндө абадан тартылган видеодо рюкзакка окшош дагы бир буюм байкалганы маалым болду.

Издөө-куткаруу операциясынын катышуучуларынын айтымында, 14-август күнү саат 12:00гө карата куткаруучулардын лагеринен учурулган учкучсуз учуучу аппарат (дрон) аркылуу аймакка бир жолу абадан байкоо жүргүзүлгөн.

Тартылган видеодон Корумду чокусунун деңиз деңгээлинен 4500 метр бийиктигинде рюкзакка окшош дагы бир буюм көрүнгөн. Бирок анын дайынсыз болуп жаткан альпинисттерге тиешелүү экени азырынча белгисиз.

Ошондой эле 4500 метр бийиктиктеги бул объект абадан тартылган башка видеолордон да байкалганы айтылды.

Учурда адистер бардык видеоматериалдарды толук иштеп чыгып, кылдат талдап жатышат. Бул боюнча кошумча маалымат кийинчерээк берилери маалымдалды.