Нарын мамлекеттик жаратылыш коругуна жакын аймактарда жашаган боз суурларга талаа изилдөөлөрү башталды. Адистер алардын сырткы өзгөчөлүктөрүн, жалпы абалын жана ден соолугун текшерип жатышканын Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди.
Изилдөө Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин профессору Нурбек Алдаяров менен биргеликте жүргүзүлүүдө. Адистер жаныбарлардын жүрүм-турумундагы өзгөрүүлөргө жана оорунун белгилерине өзгөчө көңүл бурушат. Топтолгон маалыматтар кийин талданат.

