Бул тууралуу Эмгек министрлиги кабарлады.
Маалыматка караганда, 31-август – Эгемендик майрамына карата эс алуу күнү болот. Ал эми 1-сентябрда ШКУ саммитинен улам Бишкекте гана дем алыш жарыяланат. Мындан улам бийлик жеке секторго дагы бул күнү кызматкерлерине эс алуу берүүнү сунуштады.
Буга чейин Бишкек мэриясы шаар тургундарын мүмкүнчүлүк болсо шаар сыртына же коңшу өлкөлөргө саякатка чыгып келүүгө чакырган.

