Ош шаардык милициясы “Жибек” бала бакчасынын Ч.З. аттуу жетекчисин тарбиячыны жумушка алуу үчүн 25 миң сом талап кылган деп айыптоодо. Арыз ээсинин айтымында, ал алгач 20 миң сомду MBank аркылуу которуп, калганын жетекчинин иш бөлмөсүндө берген.
Пара алуу менен иш козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Инициалдар Ош шаардык кеңешинин депутаты Зарина Чиловага туура келүүдө.

