Караколдо 2 жума дрон учурууга тыюу салынат


Ысык-Көл облусунда жана Каракол шаарында аба мейкиндигин пайдаланууга убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Чектөөлөр 27-августтан 10-сентябрга чейин күчүндө болот. Бул аралыкта атайын уруксаты жок жарандык авиациянын аба кемелерин жана учкучсуз учуучу аппараттарды (дрондорду) учурууга тыюу салынат.

Мындай чаралар өлкөдө ШКУ саммитин жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө байланыштуу болуп жатат.