20-августка карата аба ырайы


Бүгүн күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ысык-Көл, Нарын жергесинин көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +32…+37, Таласта +29…+34, Ысык-Көлдө +23…+28, Нарын регионунда +24…+29 градус ысыйт.
Чолпон-Ата калаасында мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Термометрдин көрсөткүчү Бишкек менен Ошто +34…+36, ал эми Чолпон-Атада +24…+26 градуска көтөрүлөт.