Кыргызстандын жарандары Кытайга саякаттоо үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрга ээ болушту. 2026-жылдын 20-августунан тарта кыргызстандыктар үчүн эки визасыз режим ачылды — 240 сааттык визасыз транзит (10 суткага чейин) жана Хайнань провинциясына 30 күндүк визасыз кирүү. Бул тууралуу Кытай Эл Республикасынын Улуттук иммиграция башкармалыгынын билдирүүсүндө айтылат.
Жөнөкөй паспортко ээ Кыргызстандын жарандары Кытайга визасыз 65 ачык көзөмөлдөө-өткөрүү пункту, анын ичинде Пекин жана Шанхай аэропорттору аркылуу кире алышат. Бул үчүн үчүнчү өлкөгө же аймакка учуу күнү жана багыты көргөзүлгөн ырасталган билет болушу керек.
Визасыз транзиттин алкагында өлкөдө болуунун максималдуу мөөнөтү 240 саатты же 10 сутканы түзөт. Муну менен катар саякатчылар аталган режимдин шарттарында каралган аймактардын чегинде гана болууга тийиш.
Кыргызстандын жарандары үчүн өзгөчө тартипте Хайнань провинциясына 30 күндүк визасыз кирүү киргизилүүдө. Жөнөкөй кыргыз паспорту бар жарандар аралга ачык өткөрүү пункттары аркылуу кирип, провинциянын административдик аймактарында 30 күнгө чейин визасыз жүрө алышат. Бул кыргызстандыктар үчүн Хайнанга алдын ала кытай визасын тариздөөсүз эле туристтик жана иштиктүү максаттарда барууга шарт түзөт.
Эки визасыз режимдин алкагында төмөндөгүдөй кыска мөөнөттүү сапарларга уруксат берилет:
-
туризм;
-
иштиктүү иш сапарлар;
-
туугандарга баруу;
-
жеке сапарлар.
Ошол эле учурда визасыз режим алдын ала макулдашууну талап кылган ишмердүүлүккө жайылтылбайт. Чынында, жумуш, окуу жана журналисттик ишмердүүлүк үчүн алдын ала тиешелүү кытай визасын алуу зарыл.
Кыргызстан менен Вьетнам кошулгандан кийин 240 сааттык визасыз транзитке укугу бар мамлекеттердин саны 57ге жетти. Ал эми Хайнанга 30 күндүк визасыз кирүүгө уруксат берилген өлкөлөрдүн саны 61ге чейин көбөйдү.
Жаңы эрежелер 2026-жылдын 20-августунда күчүнө кирди.

