10–14-сентябрда Бишкекте документалист режиссер Альгимантас Видугиристин элесине арналган UmutDoc эл аралык документалдык кинофестивалы өтөт. Негизги аянтчалар — «Ала-Тоо» кинотеатры жана OloloErkindik.
Программада сынактык көрсөтүүлөр, авторлор менен жолугушуулар, мастер-класстар, питчинг жана кесиптик талкуулар бар. Фестивалдын байге фонду 80 миң долларды түзөт. Ачылыш аземи 10-сентябрда саат 18:30да «Ала-Тоо» кинотеатрында өтөт.

