Голливуд актрисасы Бай Лин Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышат


Белгилүү Голливуд актрисасы Бай Лин VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын иш-чараларына катышуу үчүн Кыргызстанга келет.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, актриса кыргызстандыктарга жасаган кайрылуусунда эл аралык иш-чарага кызыгуусун билдирип, өлкөнүн маданияты жана каада-салты менен таанышып, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өзгөчө атмосферасын сезүүнү чыдамсыздык менен күтүп жатканын белгиледи.

Бай Лин төмөнкү тасмалардагы ролдору менен дүйнөгө таанылган:

  • «Карга» (1994);
  • «Кызыл бурч» (1997);
  • «Анна жана король» (1999);
  • «Такси 3» (2003);
  • «Асман капитаны жана келечектеги дүйнө» (2004);
  • «Адреналин»: Жогорку чыңалуу» (2009).

Актрисанын Кыргызстанга келиши Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы эл аралык иш-чаралардын маанилүү окуяларынын бири болот.

Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августтан 6-сентябрга чейин Кыргызстанда өтөт. Иш-чара көчмөн элдердин салттуу спортун, маданиятын, искусствосун жана улуттук каада-салттарын дүйнөлүк коомчулукка таанытууга багытталган.