ӨКМ билдиргендей, 22-август күнү Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Тору-Айгыр айылында үч жаран Ысык-Көлдүн түштүк жээгин бойлой сүзүп өтүүгө аракет кылышкан. Жээке жетүүгө болжол менен 3 км аралык калганда 1998-ж. т. Н.Б. аттуу эркек киши сууга чөгүп кеткен туралуу маалымат 112 номерине түшкөн.
Жерине куткаруу иштерин жүргүзүүгө саат 18:01де Ысык-Көл, Тоң жана Балыкчы шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 12 куткаруучу, моторлуу кайыктар менен, ИИМден 17 жана туристтик-экологиялык милициядан 8 кызматкер тартылган.
Куткаруучулар саат 23:10 чамасында Тоң районунун Кара-Талаа айылында көлдөн 1998-жылы туулган Н.Б. аттуу жаранды аман эсен чыгарышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Абалы туруктуу.
Ал эми жанында сапборд менен жүргөн 28 жаштагы А.О. жана 19 жаштагы Б.Т аттуу жарандар дагы аталган айылдагы көлдөн саат 23:20 чамасында куткаруучулар жана туристтик-экологиялык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан куткарылып, тез жардам кызматына өткөрүлгөн. Абалдары туруктуу.

