Нурдан Орунтаев «Манас Ордо» комплексиндеги курулуш иштерин жүргүзгөн подрядчыны сынга алды


Талас облусундагы «Манас Ордо» комплексин реконструкциялоо иштерин текшерүү учурунда Курулуш министрлигинин жетекчиси башкы подрядчы «Тооашкан» ЖЧКсынын өкүлүн кескин сынга алды. Министр аткарылып жаткан иштердин сапатына жана темпине нааразы болду.

Анын айтымында, иштердин кечигиши реконструкцияны өз убагында бүтүрүүгө тоскоол болушу мүмкүн. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланат, ал эми курулушту Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө чейин бүтүрүү пландалууда.