Кегети капчыгайында жайытка зыян келтиргендер аныкталды


Кегети капчыгайында жайыттарды сактоо максатында рейддик иш-чара өткөрүлдү.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдишкендей, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан жүргүзүлгөн иш-чарада жайыт аймагында жүргөн эндуро мотоцикл аныкталып, жайытка зыян келтирген факты боюнча жеринде административдик протокол түзүлдү.

Мындан тышкары, жайыт аймагында 4 квадроцикл, унаа менен жүргөн жарандарга тиешелүү түшүндүрмөлөр жана эскертүүлөр берилди.