“Ала-Арча” жаратылыш паркындагы Пионер чокусу ШКУ (Шанхай кызматташтык уюму) чокусу деп өзгөртүлдү. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Эдуард Кубатов билдирди.
Чокуга жаңы аталыш Шанхай кызматташтык уюмунун 25 жылдыгынын урматына берилди. Аталган чокунун атын өзгөртүү чечими социалдык тармактардын колдонуучулары арасында түрдүү пикирлерди жаратты.
Кубатовдун айтымында, ШКУ аймакта тынчтыкты орнотууга зор салым кошкон.
Пионер чокусу — Бишкектен болжол менен бир сааттык аралыкта, Ала-Арча капчыгайында жайгашкан, бийиктиги 4 050 метрге чукул популярдуу тоо чокусу.

