Кытай жана Тажикстандан сертификаты жок келген товарлар артка кайтарылууда


Кытай жана Тажикстан менен чек арада сертификаты жок жашылча-жемиштер менен көчөттөр артка кайтарылууда.

«Карамык» жана «Эркештам» өткөрмө бекеттеринде фитосанитардык көзөмөл күчөтүлдү. Эми инспекторлор коммерциялык жүктөрдү гана эмес, жүргүнчүлөрдүн кол жүгүн да текшеришет.

Фитосанитардык сертификаты жана коштоочу документтери жок мөмө-жемиш, жашылча, картошка, үрөн, көчөт жана башка өсүмдүк продукциясы көлөмүнө карабастан артка кайтарылат. Мындай чара өлкөгө карантиндик зыяндуу организмдердин киришине жол бербөө үчүн көрүлүүдө.