Быйыл Кыргызстан 9 миң тоннадан ашык кант экспорттоду


2026-жылы Кыргызстандан чет өлкөлөргө 9 миң 357,3 тонна кант экспорттолду. Быйыл республика боюнча кант кызылчасы 11 миң 800 гектар жерге себилген.

Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, учурда түшүмдүүлүктү жогорулатуу үчүн заманбап агротехнологияларды киргизүү жана фермерлер менен кайра иштетүүчү ишканалардын кызматташуусун күчөтүү боюнча иштер жүрүп жатат. Бул чаралар ата мекендик продукциянын экспорттук мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган.