Ысык-Көлдөн 3300 метр тор чыгарылды


Күн мурун Ысык-Көлдө браконьерликке каршы кезектеги экологиялык рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө суудан 3 299 метр эски синтетикалык тор чыгарылып, 70 кг таштанды чогултулду.

Министрлик браконьерликтин алдын алуу, суу биоресурстарын мыйзамсыз пайдаланууга жол бербөө жана Ысык-Көлдүн экологиялык абалын сактоо боюнча рейддер мындан ары да үзгүлтүксүз жүргүзүлөрүн белгиледи.