Бүгүн республикабыздын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +28…+30, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында +31…+36, Талас чөлкөмүндө +25…+30, Ысык-Көл регионунда +18…+23, Нарын аймагында +22…+27 градус ысыйт.
Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +29…+31, Ошто +34…+36, ал эми Чолпон-Атада +18…+20 градуска көтөрүлөт.

