ШКУ саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата учкучсуз учуучу аппараттардын жана жалпы авиациялык учактардын учууларына убактылуу чектөөлөр киргизилди.
Маалыматка ылайык, бул чаралар учуу коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыз кылуу максатында киргизилүүдө.
Мөөнөтү: 27-августтан 10-сентябрга чейин — Бишкек шаары, Ысык-Көл жана Чүй облусу ал эми 10–15-сентябрда — Бишкек шаары, Чүй жана Талас облусу.

