Бишкекте өтө турган ШКУ саммитине кайсы лидерлер катышат?


Бишкекте 1-сентябрда Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны жана «ШКУ плюс» форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушуу өтөт.

Президенттин администрациясы катышуучулардын тизмесин жарыялады.

Бул иш-чараларга төмөнкү лидерлер катышат:

  • Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко;
  • Индия Республикасынын премьер-министри Нарендра Моди;
  • Иран Ислам Республикасынын президенти Масуд Пезешкиан;
  • Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев;
  • Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин;
  • Пакистан Ислам Республикасынын премьер-министри Шахбаз Шариф;
  • Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин;
  • Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон;
  • Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев;
  • Азербайжан Республикасынын президенти Ильхам Алиев;
  • Армения Республикасынын премьер-министри Никол Пашинян;
  • Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух;
  • Тоголез Республикасынын Министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе;
  • Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайип Эрдоган;
  • Лаос Элдик-Демократиялык Республикасынын президенти Тхонглун Сисулит;
  • Вьетнам Социалисттик Республикасынын вице-президенти Во Тхи Ань Суан;
  • Египет Араб Республикасынын вице-премьер-министри Хусейн Иса.

Эл аралык уюмдардан төмөнкүлөр катышат:

  • Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысы Нурлан Ермекбаев;
  • Шанхай кызматташтык уюмунун Аймактык антитеррордук түзүмүнүн Аткаруу комитетинин директору Уларбек Шаршеев;
  • Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш;
  • Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин башкы катчысы Сергей Лебедев;
  • Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун башкы катчысы Таалатбек Масадыков;
  • Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев;
  • Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин башкы катчысы Кайрат Сарыбай.

Мамлекет башчылары эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, Уюмду мындан ары өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын, ошондой эле саясий, соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык, санариптик, экологиялык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташтыкты тереңдетүүнүн келечегин талкуулашат.

Жыйындын жыйынтыгында ШКУнун 25 жылдыгына арналган Бишкек декларациясына, көп кырдуу кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө жана Уюмдун ишмердүүлүгүн өркүндөтүүгө багытталган документтерге жана чечимдерге кол коюлат. Ошондой эле мамлекет башчыларынын бир катар тематикалык билдирүүлөрү кабыл алынат.

«ШКУ плюс» форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушууда кеңейтилген курамда БУУнун жана эл аралык укуктун борбордук координациялык ролун бекемдөө, ошондой эле туруктуу өнүгүүгө көмөктөшүү жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелери боюнча пикир алмашуу өтөт.

Алдыдагы саммит Кыргыз Республикасынын ШКУдагы 2025–2026-жылдардагы төрагалыгынын негизги жыйынтыктоочу иш-чарасы болот. Кыргызстандын төрагалыгы «ШКУга 25 жыл: туруктуу тынчтыкка, өнүгүүгө жана гүлдөп-өнүгүүгө карай бирге» деген ураандын алдында өтүүдө.