NOMAD FEST фестивалында кыргыз артисттери жеңишке жетти


Кыргызстандын А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын солисттери VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөн NOMAD FEST эл аралык музыкалык-этнографиялык фестивалында ийгиликтерди багындырышты.

Театрдан билдиришкендей, этно-бий сынагында балеттин алдыңкы солисти Саади Иманкулов номердин хореографиясы үчүн 1-орунду ээледи.

Ал эми “Көчмөн жылдыздары” сынагынын дуэттер категориясында кыргызстандык опера ырчылары бир нече байгелүү орунга татыды:

Гран-при — Аяна Бекенова;

1-орун — Эмгек сиңирген артист Айбек Саралаев;

2-орун — Талант Токомбаев;

3-орун — Эмгек сиңирген артист Тилек Найманбаев;

Калыстар тобунун атайын сыйлыгы — Данияр Дөөлөтбаков.

Сынакка Өзбекстан, Казакстан, Азербайжан жана Монголиядан келген чыгармачыл топтор да катышты.