2026-жылдын 14-октябрында Бишкек шаарындагы Россия Федерациясынын биринчи Президенти Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинде «Борбордук Азиядагы аймактык коопсуздук: заманбап чакырыктар жана мамлекеттер аралык өз ара аракеттенүү механизмдери» деген темада тегерек стол болуп өттү.

Иш-чараны Кыргыз-Орус Славян университетине караштуу Стратегиялык талдоо жана божомолдоо институту, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антитеррордук борбору жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Антитеррордук борборунун Борбордук Азия аймагы боюнча бөлүмү уюштурду.
Тегерек столдун ишине мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, илимий чөйрөнүн өкүлдөрү жана эксперттер катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө аймактык коопсуздукка байланышкан актуалдуу коркунучтар, терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү, радикалдык идеологиялардын жайылышы, ошондой эле маалыматтык жана киберкоопсуздук чөйрөсүндөгү чакырыктар талкууланды. Заманбап маалыматтык технологияларды, жасалма интеллектти жана учкучсуз учуучу аппараттардын системаларын колдонууга байланышкан коркунучтарга өзгөчө көңүл бурулду.
Катышуучулар мамлекеттер аралык кызматташтыкты чыңдоонун, алдын алуу иштерин өркүндөтүүнүн, ошондой эле компетенттүү органдардын илимий жана эксперттик коомчулук менен өз ара аракеттенүүсүн кеңейтүүнүн келечеги боюнча пикир алмашты.
Тегерек столдун жыйынтыгында заманбап коркунучтардын алдын алуу жана аларга өз убагында каршы аракеттенүү, ошондой эле Борбордук Азия аймагында коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу үчүн мамлекеттердин жана тиешелүү уюмдардын күч-аракеттерин бириктирүү маанилүү экени белгиленди.


