Марлен Маматалиев: Конуштарды жапырт газдаштыруу 2028-жылдан эрте башталбайт


Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев учурдагы газ инфраструктурасынын кубаттуулугу конуштарды жапырт газдаштырууга жетишсиз экенин билдирди. Анын айтымында, «Газпромдун» өкүлдөрү Орусиядан тартылып жаткан өзүнчө газ түтүгү курулуп бүтүшү керектигин түшүндүрүшкөн. Ошондуктан конуштарды толук кандуу газдаштыруу 2028-жылдан тарта гана мүмкүн болот.

Ошол эле учурда Маматалиев иштерди эртерээк баштоону сунуштады. Анын айтымында, түтүктөрдү сатып алууга кошумча каражат бөлүнсө, 2027-жылы эле беш-алты конушту газга кошууга болот. Төрага абанын булганышына каршы күрөшүүгө бөлүнгөн гранттар менен насыялардын бир бөлүгүн ушул максатка жумшоо мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.