Бишкекте 6 унаа жана автобус катышкан кырсык катталды

Screenshot

Бишкек шаарынын Лермонтов көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинде алты унаа жана бир автобус кагылышты. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү кабарлоодо.

Окуя болгон жерде тез жардам кызматы жүрөт.

Бул арада Кайгуул кызматы кырсык боюнча маалымат таратты.

Ага ылайык, 15-октябрында болжол менен саат 20:30 чамасында Бишкек шаарынын Чүй проспектисинде бир нече транспорт каражатынын катышуусунда жол-транспорт кырсыгы катталган. Жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен каза болгондор жок. Жаракат алган жарандар тез жардам кызматы тарабынан медициналык жардам көрсөтүү үчүн ооруканага жеткирилген.

Учурда окуянын келип чыгуу себептери жана жагдайлары такталууда. МККБнын кызматкерлери окуя болгон жерде тиешелүү иш-чараларды жүргүзүшүүдө.

Кошумчалангандай, окуя боюнча кошумча маалымат кийинчерээк берилет.