Жогорку Кеңештин депутаты Айсаракан Абдибаеванын мандатын чакыртып алуу талабы менен кол топтоп, парламентке арыз таштаган юрист Адилет Мерканов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке чакырылганын билдирди.
Мерканов ошондой депутат Айсаракан Абдиьаеванын адвокаттары ага каршы сотко кайрылышканын билдирди.
УКМК юристтин суракка чакырганы боюнча комментарий бере элек.
14-октябрда Мерканов Абдибаеванын мандатын чакыртып алуу талабы менен 31 миң 900 адамдан чогултулган кол парламентке тапшырылып, арыз ташталганын кабарлаган.

