Казакстан чет өлкөлүктөргө, анын ичинде Кыргызстан жана ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнүн жарандарына электрондук уирүү уруксатын киргизүүдө. Кыргызстандын ТИМинин маалыматына ылайык, жаңы тартип этап-этабы менен ишке ашырылат:
• 2026-жылдын 1-ноябрынан — Актау аэропортунда жана «Урлютобе», «Аухатты», «Атамекен», «Нурлы Жол» өткөрмө пункттарында
• 2027-жылдын 1-январынан — Астана жана Алматы аэропортторунда
• 2027-жылдын 1-мартынан — калган бардык өткөрмө пункттарында
Уруксат 2027-жылдын 1-июлунан тарта гана милдеттүү болот. Ага чейин уруксаттын жоктугу өлкөгө киргизбөөгө негиз болбойт. Документ акысыз берилип, 180 күн жарактуу болот. Арызды сапарга кеминде 72 саат калганда онлайн тапшыруу керек. 16 жашка чейинкилер, 65 жаштан жогоркулар, Казакстанда жашоого уруксаты барлар жана дипломаттар бул талаптан бошотулат.

