«Социалдык келишим» программасынын жаңы этабында расмий жумушсуз адамды ишке алгандарга 150 миң сомдон бериле баштайт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кабарлады.
«Социалдык келишим» долбоорунун алкагында ишке ашып жаткан демилгеде беш адамга чейин чектөө бар. Мисалы, беш жумушсуз адамды иш менен камсыздаса мамлекет 750 миң сом берет. Мындан ашканына колдоо каралган эмес», — деп айтылат маалыматта.
Ишкер алган каражатын бизнести өнүктүрүүгө, жабдууларды же техникаларды сатып алууга гана жумшашы керек. Башка максатта колдонууга болбойт.
Иш берүүчүнүн туруктуу кирешеси болушу шарт жана жогору айлык сунушташы керек. Жаңы кызматкер расмий жумушка орношуп, анын айлыгы аймактагы орточо эмгек акыдан төмөн болбошу зарыл.
12 айга эсептелген пилоттук долбоор Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында, ошондой эле Кадамжай районунда ишке ашырылат.
Программага катышууну каалагандар жергиликтүү бийликке же Эмгек министрлигинин бөлүмдөрүнө кайрыла алат.

