Кыргызстан менен Армения ЖИ тармагында биргелешкен ишкана түзүшү мүмкүн


Демилге Садыр Жапаров менен Ваагн Хачатуряндын Еревандагы жолугушуусунда талкууланды.

Тараптар экономика, инвестиция, транспорт, айыл чарба, билим берүү жана туризм тармактарындагы алаканын келечегин да карашты.

Жапаров бул Кыргызстан президентинин Арменияга жасаган тарыхтагы алгачкы расмий сапары экенин белгилеп, жолугушуу эки тараптуу мамилелерге жаңы дем берерине ишеним билдирди.

Соңунда ал Хачатурянды Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.